13-17-январларда өлкө аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы таратты.
13-январда жана 14-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
14-январда күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
15-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
16-17-январларда туруксуз аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ