ИИМде интрига күчөп кетти. Министр Кашкар Жунушалиев менен орун басарлары келише албай атканын кантип жашырабыз? Бири-бирин поктошкону кандай? Кадр саясаты аукционго, соодага айланганы жалганбы? Жалпы өздүк курам эки анжы болуп, дээрлик милициянын мекенге кызмат кылуусунан шек жаралганын танабызбы? Айтор, олутгуу суроолор абдан көп. Мындай шартга эмне кылуу керек? Биздин баамыбызда, генерал Курсан Асанов 8 жылдан бери ИИМдин орун басарлыгын аркалап келатат. Башканы кой, системанын жертөлөсүндө жоргологон чычкандардан бери билет. Асанов дайыма Жогорку Кеңеште мыйзамдуулукту, коопсуздукту сактоодо ИИМдин кепилдиги катары кандай талкуу болсо да оюн айтып, коомчулукту ынандырып келатат. Иш жүзүндө тажрыйба топтоду, «кызыл шапкечендер» арасында дагы кадыры калың. Дал ушундай шартта Кашкар Жунушалиевди төрдөн айдап, ордуна Курсан Асановду дайындаса неге болбосун? Куп жарашат!
Кубат Карачев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ