Кыргызстанда негизинен элдин баарын чуулдатып, аягына чыкпай келаткан эки чоң иш бар – бири биз килем салып узаткан Батукаев, анан Дача-Су каргашасы. Экөөнүн тең убалына калган конкреттүү эч кимдин изи ушу күнгө чейин табылбай келди. Батукаевге диагноз койгондор четинен камала баштады, ага адвокат болгондорго, адвокаттарга буйрук бергендерге кезек жете элек. Бирок, ошол убактан бери айрым саясатчылар, аттуу-баштуу чиновниктер менен коомчулук өкүлдөрү Батукаевдин чыгарылышына бир гана адам – президент гана тапшырма бере алат, бир гана ошол кишинин айтканы менен гана башкалар бул ишке бара алат деп, канкакшап айтып келишти. Бирок, Атамбаев кызматта турганда анын бетин ачуу такыр мүмкүн болгон жок.
Эми кезек келди. Бул чатак иштин башында турган киши ким экенин ачыктоого, анын жоопкерчилигин суроого да убакыт келди. Кечээки адвокаттардын мыйзамдуу жоопкерчилигин сураса эле бул ишке ким тарабынан тапшырма болгонун таасын айтышат.
Дача-СУ боюнча деле ушундай маселе. Ушул күнгө чейин жүк кимдики экени айтылбай жатат. Бул иштин да аки-чүкүсүн иликтесе, ким бирөөнүн кулагы көрүнөрү бышык.
Кыңыр иш кырк жылга жетпей эле билинет.
Ахматек Келдибековду күнөөлөгөндөгү чууну эске салалычы
Баары эсте: Келдибековду күнөөлөп төрагалыктан алып түшкөндөр, Батукаевди барктап узатышкан! Мезгил, тарых эч качан эч нерсени унутпайт! Кыргыз жигиттерин өлтүрүп, кулактарын кескилеп ойногон кылмышкерди узаткандар бүгүн кыргыз элинин алдында жооп берүүлөрү керек! Өз элине чыккынчылык кылуу мына ушундай болот!
Булак: «Кабар инфо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ