Мындан ары «Ташкент-Рыбачье» туристтик поезди Өзбек темир жолунун
поезд курамы менен жумасына бир жолу каттайт. Бул тууралуу ГП «НК «Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматы билдирди.
7-июнь жума күнү аталган поезд борбордук “Бишкек I” темир жол бекетине келди. Ал эми 8-июнь күнү кайрадан Ташкент шаарына жөнөп кетти. Поездде вагон-ресторан иштеп, бардык ыңгайлуу шарттары бар.
Эми 8-июньдан тартып, ар ишемби күнү 04 саат 59 минутада Рыбачьеден жөнөп, ар жекшемби күнү Ташкент убактысы боюнча Ташкент шаарына 05 саат 00 минутада келет. Ошентип, аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ