Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры, өлкөнүн Ош областында туулуп-өскөн Салижан Шариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы Кыргызстанга өз кичи Мекенине келген Салижан Шарипов менен жылуу учурашты.
Ал Кыргызстан космосту багындырган атактуу мекендешин ар дайым кубаныч менен тосуп алууга даяр экенин белгиледи.
Космонавт-учкуч Салижан Шарипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө болгон жардамын берүүгө даяр экенин билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ