Кечээ, 18-июнда Баткен районунун Таш-Тумшук айылында кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты. Кыргыз жарандары тажик тараптагы Ходжа-Альо айылынын тургундары али тактала элек чек ара аймагындагы Исфара-Ворух жолуна асфальт төшөй башташканына нааразычылык билдиришкен.
Сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан жергиликтүү милиция өкүлдөрү, чек арачылар жана тургундар катышып, кечээ тажиктер менен тил табыша алышкан эмес.
Бүгүн, 19-июнда тажик тарап такталбаган чек ара тилкесинде жолду асфальттоону токтотконун билдиришти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ