Украинанын Коргоо министрлиги кечээ Крымга жакын жайгашкан Херсон облусунда зениттик ракеталарын сынай турганын тастыктады. Буга чейин Росавиация мындай кадамдан баш тартууну талап кылган. Машыгуу 1-2-декабрга белгиленген. Бул тууралуу Украинанын Аба күчтөрү маалымдады.
Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңиздин үстүндөгү аба мейкиндигинде Украинанын ракеталык сыноолорун жүргүзүүсүнө каршы чыккан. Эгер Украина оюнан кайтпаса, Орусия украин ракеталарын атып түшүрөрүн эскерткен.
Росавиация Украина Орусиянын аба мейкиндигине уруксатсыз кирип баруу үчүн “кезектеги түшүнүксүз аракетин баштады”деп билдирген.
Орусиянын мындай билдирүүсүнө жооп иретинде Украина аба күчтөрү Крым жашоочуларынын коопсуздугуна эч кандай коркунуч жаралбай тургандыгын айтты: “Машыгуулар Украинанын аба мейкиндигинде, ачык деңиз үстүндө, эл аралык укуктарга шайкеш өтөт”. Сыноолорго аскерий жана транспорттук авиация, зениттик-ракеталык жана радиотехникалык аскерлер менен учкучсуз авиация катышат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ