Menu

Хабиб Нурмагомедовдун 100 миң долларга сатылган футболкасы Мирзиёевдин күйөө баласынан табылды

Бөлүшүү:

Жеңил салмактагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун кайрымдуулук аукционунда 100 миң АКШ долларына сатылган футболкасы Ташкентте табылды. Бул тууралуу RT Sport телеканалы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Нурмагомедов Дастин Порье менен болгон беттешинен кийин кийген футболка Өзбекстан президентинин кичүү күйөө баласы Отабек Умаровго таандык. Ал президенттин коопсуздук кызматынын жетекчиси жана өлкөнүн MMA ассоциациясынын башчысы.

Отабек Умаров журналисттерге Хабибдин футболкасы белек экенин билдирип, бирок ким бергенин айткан эмес. “Мага бул футболканы белекке беришти. Аны Ташкенттеги BeFit спорт клубуна (айрым маалыматтар боюнча Умаров бул клубдун ээси) илип койдук. Ким бергенин айта албайм, ал футболканы сатып алганда жашыруун калгысы келгенин айткан“, — дейт Умаров.

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин үй-бүлөсү, анын ичинде күйөө балдары менен жакын мамиледе. Спортчу быйыл эле Өзбекстанга бир нече жолу барып, сый көргөн. Ал ортодо өзбекстандык адвокат өлкө мыйзамдарына ылайык, кызмат адамынын 100 миң долларлык белек алуусу «пара болуп эсептелерин» билдирүүдө.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-сентябрында Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Дастин Порье Абу-Дабиде өткөн беттешинен кийин футболкалары менен алмашкан. Нурмагомедов аны аукционго коюп, түшкөн акчаны Африкадагы мектептерди таза суу менен камсыз кылган фондго которууну убадалаган. 16-сентябрда Дастин Порье «Твиттер» баракчасы аркылуу Хабибге ыраазычылык билдирип, футболканы сатуудан түшкөн 100 миң доллар фонддун эсебине которулганын жазган.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: