Аксы районунда 2019-жылдын 16-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Нарын айылындагы Нарын дарыясына 2004-жылы туулган Д.З. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Издөө иштерине КР ӨКМден жалпы 17 куткаруучу тартылган, анын ичинен 8 куткаруучу кайык менен Нарын дарыясы аркылуу Өзбек Республикасынын аймагына өтүшүп, издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Издөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ