Menu

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр Нарматов шайлоого карата кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.

Кадырлуу калкым, урматтуу Кыргызстандык мекендештер!

Ислам – тынчтык деген маанини туюндурат. Демек,  динибиздин аты да, заты да тынчтык. Мусулмандар бири-бирине жолукканда “Ассаламу алайкум” деп салам узатат.  Бул “Сизге тынчтык болсун” деген каалоо. Жараткан Аллахтын “Ас-Салам” деген аты бар, “Тынчтык, тынчтык берүүчү” деген мааниде. Бейиште “Даар ас-Салам” деген орун бар, “Тынчтык жайы” деген маанини билдирет. Намаз окуп бүткөндө оң тарап, сол тараптагы бир туугандарыбызга “Ассаламу алайкум ва рахматуллах” деп салам айтабыз, “Сиздерге Аллахтан тынчтык жана ырайым болсун” деген жалпы тилек. Чыныгы мусулман кандай болуусу керектигин таасын сүрөттөгөн хадисте: “Башка бирөөгө тили менен да, колу менен да зыянын тийгибеген адам – чыныгы мусулман” – деп айтылган.

Тынчтыктын жарчысы катары жиберилген пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): осуяттарынын биринде: “Бир мусулман экинчи бир мусулман бир тууганын тамашалап болсо да курал кезеп коркутса, ал куралын алмайынча периштелер ага каргыш айтат” – деген. Ушуга маанилеш дагы бир хадисте: “Бир мусулмандын экинчи мусулманды коркутуу арам” деп айтылат. Шариятта “арам” деген сөз, тыюу салынган, аткарууга такыр болбойт деген мааниде колдонулат. Демек, тамаша иретинде болсо да экинчи бир адамды коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алуу динибизде тыюу салынган. Анткени жогоруда айтылгандай, Исламда адамдар тынч жашоого тийиш. Бирок, тилекке каршы учурда адамдардын тынчтыгын бузуп, алардын жүрөгүнө кооптонуу жараткан ушак-айыңдар жана аны тараткандар чыгууда. Булар бир адам эмес, бүтүндөй элдин тынчын алып, кооптондурууда.

Урматтуу Кыргызстандык менин мекендештерим! Айтайын дегеним, учурдагы шайлоо оюндарынан пайдаланып элдин тынч жашоосун бузууну ниет кылган саясатчылар жөнүндө болмокчу. Бир канча күн мурда жалпы кыргыз элиме, анын ичинде шайлоодо ат салышып жаткан талапкерлерге кайрылуу жасаган элем. Анда да тынчтык бизге аба менен суудай зарылдыгын айткам. Азыр болсо мекендин ыйыктыгын, аны сактоо жана анда татыктуу жашап урпактарга өткөрүп берүү зарылдыгын эскертмекчимин.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Меккеден куулуп чыгып бара жатканда көзүнө жаш тегеренип, туулган жерин кыя албай: “Аллахка ант ичип айтам, мен сени жакшы көрөм, эгер мажбур чыгарышпаганда, сенден кетпейт элем” – деп айтканы белгилүү. Мекенин пайгамбар да сүйөт, жөнөкөй адам да сүйөт. Анткени бул адамдын табиятындагы нерсе. Мекенге болгон сүйүү сүйлөп же жазып коюу менен өлчөнбөйт. Мекенин, элин сүйгөн адам сүйүүсүн ага кызмат кылуу менен билдирет. Ушул жерден бир икаяны мисал кылгым келет. Бир жолу Перс байбачаларынын бири жан-жөкөрлөрү менен бара жатса, бир абышка Курманын көчөтүн отургузуп жатыптыр. Жел өпкө байбача абышканы шылдыңдоо үчүн жанына бастырып келип: “Ой, абышка, өзүңүз картайып калыпсыз, бул көчөттүн түшүмүнөн ооз тийериңизге көзүм жетпейт. Аны эмне үчүн тигип жатасыз?” – деп сурайт. Абышка: “Ээ, балам, мурдагылар тиккенди биз жедик, эми биз тигебиз, аны кийинкилер жейт” – деп жооп берет. Анын жообуна купулу толгон байбача бир тенге алып чыгып абышкага узатат. Абышка аны алып, жылмайып коёт. “Эмнеге күлүп жатасыз?” – деп сурайт, байбача.  Мыйыгынан жылмайган абышка: “Элдин көчөтү он жылдан кийин түшүм берсе, менин көчөтүм тиккен эле күнү түшүмүн берди” – деп жооп берет. “Сиздин жообуңуз мени канааттандырды” – деген байбача дагы бир тенгени сунат. Абышка аны алып, дагы жылмаят. “Дагы эмнеге күлүп жатасыз?” – деп сурайт, байбача. “Элдин көчөтү бир жылда бир эле жолу түшүм берсе, менин көчөтүм тигер замат эки жолу түшүмүн бергенине сүйүнүп жатам” – деп жооп берет абышка. Бул икаядан элге кызмат кылуунун улуу өрнөгүн алсак болот. Мекенге кызмат кылуу үчүн сөзсүз президент болуу да шарт эмес. Көчө шыпырып, жол тазалаган бир туугандарыбызды мекенге кызмат кылбады деп ким айта алат? Мекенин сүйгөн адам сүйүүсүн аны алпештеп сактоо менен билдирет. Мекенин сүйгөн адам сүйүүсүн анын тынчтыгын камсыздоо аркылуу билдирет. Ал эми сүйлөгөндө мекен, эл-журт деп, иш жүзүндө мекендин тынчтыгына, элдин бейпилдигине каршы аракет кылгандардын сөзү да, сүйүүсү да жалган.

Бийлик үчүн мекендин тынчтыгын, элдин бейпилдигин курмандыкка чалчулар мекендин ыйыктыгын билбейт жана аларга жеке керт башынын кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Бийлик, айрыкча элдин жүгүн көтөрүүчү призиденттик кызмат бул дүйнөдө да, акыретте да өтө чоң жоопкерчилиги бар оор иш. Туура, эгер эл жүгүн көтөргөн адам адилеттүү, таза иштесе анын сооп-сыйы да жогору болот.

Урматтуу шайлоочулар, алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө ар ким өз тандоосун ишке ашырат. Биздин милдетибиз урнага добушубузду таштоо гана. Ким жеңет ким жеңилет бул тагдырдын иши. Сиз добуш берген адам жеңишке жетпесе, сиздин экинчи бир тууганыңыз, айылдашыңыз же досуңуз добушун берген адам жеңишке жетет. Сиз шайлаган адам жеңишке жетпей калганы үчүн башкалардын тынчтыгын бузуп, ар кандай кызуу кандуулукка алдыруу акылсыздык. Жеңилүүнү көтөрө билген адам гана элине кызмат кыла алат.

Бийлик үчүн жалган сүйлөө, бирөөлөрдүн айыбын ачуу, элдин тынч жашоосун бузуу чоң күнөө. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, жаман көрбөгүлө, артыңарды салбагыла. Мусулман мусулмандын бир тууганы, зыянын тийгизбейт, жардамсыз калтырбайт. Бир мусулмандын экинчи мусулманды кемсинтүүсү ага жетиштүү күнөө болот” деп айткан. Андыктан, бири-бирибизди сыйлайлы, кемсинтпейли, жаман сүйлөбөйлү. Бири-бирибиздин артынан ушак таратпайлы. Жалаң дүйнө ырахатын ойлобой, акыретти да эстейли. Баарына жооп берүүчү күндөн корколу. Элдин тынчтыгын бузбайлы. Мамлекеттин эркиндигин сактайлы. Мекенибиз үчүн күйүп-жанып иштейли.

Жараткан Аллах элибизге тынчтык, жерибизге бейпилдик берсин. Журтубуздун маанайы жарык, балдарыбыздын келечеги кенен болсун.

Урматым менен,

Абдишүкүр ажы Нарматов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: