Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда ШКУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келген Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжини кабыл алды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу кызматташууга чоң маани бере турганын белгиледи.

«Кытай Эл Республикасынын жетишкендиктерине Кыргызстан ар дайым чын ниеттен кубанат. Өткөн жылдын июнь айында биз мамилелерибизди ар тараптуу стратегиялык кызматташтык деңгээлине чыгардык. Биздин ортобуздагы достукка, ынак кошуналыкка жана өз ара ишенимге негизделген жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу толук түшүнүшүү бар», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал Кыргызстанга Кытайдын коргоо министри келип кеткенин, жакында Тышкы иштер министринин келиши күтүлүп жатканын эске салды. Председатель Си Цзиньпиндин жооп иретинде Кыргызстанга визит менен  келиши эң маанилүү иш-чара болуп калат.

«Визит эң жогорку деңгээлде өтүп, кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болоруна ишенем», — деп белгиледи Президент.

КЭР коомдук коопсуздук министри Чжао Кэчжи жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Сооронбай Жээнбековдун Кытайга визити жана анын Председатель Си Цзиньпин менен жолугушуулары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгын тереңдетүүгө өбөлгө болуп жатканын белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, анын ичинде аскерий-техникалык чөйрөдө да, стратегиялык деңгээлге чыкты. Биз Кыргызстан менен кызматташууну жогору баалайбыз жана эл аралык келишимдердин алкагында көп тармактуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярбыз. Биз Кыргызстан бийлигинин өлкөдө жана региондо туруктуулукту бекемдөө боюнча аракеттерине чоң маани беребиз. Ошондой эле биз өлкөнүн бакубаттуулугун арттыруу боюнча Сиздин аракеттериңизди колдойбуз жана Сиздин жетекчилигиңиз алдында Кыргызстан тез өнүгүүгө жетишет деп ишенебиз», — деп белгиледи Чжао Кэчжи.

Ал кыргыз тарап ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына жана Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алдыдагы визитине активдүү даярдык көрүп жатканын баса белгиледи.

Жолугушууда жамандыктын үч күчүнө — терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы туруу, региондогу коопсуздукту биргелешип бекемдөө маселелери  боюнча пикир алмашуулар болду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: