Menu

Наргиза Кудайназарова, модель: “Сүйүктүүмө сюрприз болуп Шанхайдан учуп келдим”

Бөлүшүү:

Алыскы Кытай өлкөсүнүн Шанхай шаарындагы Тонджи университетинде билим алып жаткан, сулуулар сынагынын бир нече жолку ээси, ай чырайлуу, билимдүү кыздарыбыздын бири Наргиза Кудайназарова Шанхайдагы жаңы жыл тосуусун, сүйүктүүсүнө кантип күтүлбөгөн белек тартуулаганын окурмандар менен бөлүштү.

Шанхайда жаңы жыл жыл сайын кызыктуу өтөт, эч качан бири-бирине окшошпойт. Бирок бул жыл өзгөчө мен үчүн жомоктогудай ирмемдер менен эсимде калды. Мен өзүм сюрприз жасаганды жакшы көргөн адаммын. Ар бир кылган нерсем маанайымдан көз каранды. Ноябрь айынын аягында күтүүсүздөн Бишкекке сапар аддым. Анткени сүйүктүү адамымды өзгөчө сагынгам. Үй-бүлөмө жана досторума айтпастан, ошол күнү кечинде биринчи рейс менен жүрөгүм толкунданган бойдон жолго чыктым. Самолетто отуруп сүйүкгүүмө кат жаздым, «мен башка шаарга жумуш боюнча кетип жатам» деп. Ал аябай сарсанаа болду. Анткени ал шаар Шанхайдан бир топ алыс жайгашкан эле. Менин Бишкекке учуп бара жатканым анын оюна да келген жок. Ал мени аэропорттон тосуп алыш үчүн жумуш тапшырдым. Мен келер маалга ылайыктап, «бирөөдөн посылканы берип ийдим, алып ал» десем макул болду. Ал келген убактан бир саат эрте Бишкекке келдим. Сүйүктүүм келгенче даярданып, арт жагынан кучактап тосуп алганга ылайыктуу жер байкаштырып турдум. Анан ал белгиленген убакта аэропортко келгенде, чуркап барып, болгон күчүм менен катуу кучактадым. Мени бурулуп карап, көргөн көзүнө ишенген жок. Үйгө кетип бара жатканыбызда улам-улам колумдан кармап, менин чындап эле келгениме ишене албай турду. Ушул учур экөөбүзгө тең жомокгогудай сезилди. Ошол учурдагы экөөбүздүн сезимдерибизди сөз менен жеткирип айта албайм!

Ушул эле күнү кечинде күтүлбөгөн жерден үйүмө кирип келдим. Ата-энем да мени көрүп, эмне айтарын билбей калышты. Бирок ички сезимдеринде абдан кубанып жатышканын билдим. Ошондо гана эң жакын адамдарым менден алыс экенин ойлоп, көзүмө жаш айланды. Бирок ошол күнү менден өткөн бактылуу адам жок болчу.

Он күндүн ичинде жигитимдин туулган күнүнө арналган ырга клип тарттырдык. Бул нерсе досторубуздун жардамы менен ишке ашты. Ал мага ар күнү унутулгус күндөрдү тартуулады. Мен үчүн аны менен өткөргөн ар бир ирмемдер кайталангыс жана эч нерсеге теңелбейт. Азыр алыскы Шанхайда, бөлмөмдө эскерүү жазып отуруп, жаңы жылды жакын адамдары менен тосуп жаткандарга суктандым.

Доңуз жылы сиздер үчүн эң жакшы жылдардан болсун, жакын адамдарыңыздар ар дайым аман-эсен жаныңыздарда болушун каалайм.

Жамиля Нурманбетова
Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: