Menu

ЕККУ Өзбекстанда бир нече сайттардын кайра иштеп башташын кубаттады

Бөлүшүү:

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Маалымат каражаттарынын эркиндиги маселеси боюнча өкүлү Арлем Дезир Өзбекстанда бир нече маалымат сайттарынын кайта ачылышын кубаттады.

Алардын арасында «Америка Үнү», ВВС Өзбек кызматы, «Немис толкундары», Eurasianet жана Amnesty International, «Чек арасыз кабарчылар», Human Rights Watch укук коргоо уюмдарынын сайттары бар.

Дезир бул маселе боюнча өзбек бийлиги менен сүйлөшкөнүн билдирди. Ал жакын арада «Эркин Европа радиосунун» өзбек кызматына коюлган чектөө дагы алынарынан үмүт артты.

Өзбекстанда тыюу салынган бир нече сайттар кайрадан иштеп баштаганын Өзбекстан президентинин алдындагы маалымат жана байланыш агенттигинин директору Комил Алламжонов билдирген. Ал «чет өлкөлүк веб-ресурстардын иштөөсүнө кедерги тийгизген техникалык мүчүлүштүктөр аныкталып, аларды жоюу боюнча чаралар көрүлгөнүн» айткан.

Аткаминер кабарчыларды журналисттик этиканы сактоого, такталбаган маалыматтарды, ушак-айыңдарды таратуудан оолак болууга үндөгөн.

Маалыматтарга караганда, чет өлкөлүк көптөгөн сайттар Өзбекстанда 2005-жылы Анжиян окуясынан кийин иштебей калган. Бул окуя учурунда аскерлер тынч митинг өткөргөндөргө каршы ок чыгарган. Анын кесепетинен 187 киши өлгөн. Укук коргоо уюмдары жана күбөлөр курмандыктар алда канча көп болгон деп эсептешет. Өзбекстанда дагы ондогон сайттар бөгөттөлгөн бойдон турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: