Бүгүн, 21-июнда француз тарабынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болду.
Тараптар Лемуан мырзанын 2019-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасына болгон иш-сапарынын жыйынтыктарын, биргелешкен иш-чараларды, жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштарды уюштурууну жана өткөрүүнү талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков жана Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Ж.-Б.Лемуан Кыргыз Республикасынын Франция Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселесин дагы талкуулашты.
Кыргыз Республикасы менен Франциянын эл аралык уюмдардын, анын ичинде ЮНЕСКОнун алкагында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ