Menu

Өкмөт башчы Жээнбеков Сауд Аравиянын элчисин кабыл алды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2 майда, Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков эки өлкөнүн кызматташтыгында элчинин кошкон салымы зор экенин баса белгилеп, Сауд Аравиянын биздин өлкөдөгү социалдык-экономикалык долбоорлорго активдүү катышуусун жогору баалады.

Өкмөт башчы эки өлкөнүн кызматташтыгы көп жылдан бери түптөлүп калганын, мындан ары позитивдүү жагдайда дагы да болсо аны бекемдей турганына ишеним артаарын билдирди.

Элчи Абдурахман Аль-Жума мындан ары эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгы үчүн болгон аракетин жумшаарын айтып өттү. “Кызматташуу жылдарында биздин өлкөлөр дайыма бирдиктүү колдоо жана түшүнүү менен мамилени чыңдап келатат. Эки өлкөнүн башчылары тараптардын түрдүү багытта кызматташтыгын арттыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзүп берди”, – деди ал.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абдурахман Аль-Жума ушул жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарлар пландалганын, мындай жолугушуулар эки өлкө ортосундагы  буга чейинки пландардын ишке ашуусуна өбөлгө болорун кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: