Menu

Ош шаарынын тургуну героин баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кармалды

Бөлүшүү:

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери “Наби барыга” лакап аты менен белгилүү болгон кылмыштуу уюшкан топтун мүчөсүнүн аялы героин баңгизатын мыйзамсыз сактоо фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында ОШ ШИИБнын Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, соттун чечими менен Ош шаарындагы Р. Абдыкадыров көчөсүндөгү үйлөрдүн бирин текшерүү маалында 1972-жылы туулган Г.Х. аттуу үй кожейкесинин бөлмөсүнөн 1,5 грамм салмактагы героин баңгизаты табылган. Милиция кызматкерлерине ушул үйдө баңгизатын жасоо менен алектенет деген үч жарандан маалымат келип түшкөндөн кийин текшерүүнү чечишкен.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (баңгикаражаттарын, эс тутумга таасир берүүчү заттрады жана перекурсорлорду мыйзамсыз даярдоо, сактоо, берүү, алуу, сатуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Андан сырткары, кармалган жаран мурда эки жолу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси жана 246-беренелери (башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен соттолгон. Сот кармалган жаран Г.Х.ны 2 айга убактылуу кармоочу жайга камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: