Menu

Күмөндүү Чехия фирмасына «жашыл жарыкты» Сапар Исаков күйгүздү беле?

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы эң башкы байлыгыбыз – ГЭСтерибиз экени талашсыз. Мына ушул жагын курууга укук алган Чехиянын күмөндүү, өткөн чагы шек жараткан «Liglass Trading» фирмасы боюнча кызуу талаш-тартыштар өткөн жумада ЖМКлардын негизги темасына айланды. Айрым маалыматтар боюнча, көшөгө артынан бул фирмага «жашыл жарык күйгүзгөн» президенттин аппарат башчысы Сапар Исаков беле? Тар чөйрөдө кеп тарап, өкмөт менен башкы аппараттын ортосунда келишпестик жаралганы, катачылык кимден кеткени, о.э. бир топ ички «разборкалар» болгону да коомчулукка белгисиз бойдон кала берди. Эмнеси болсо да, Чехия ишкерлерине байланышкан чуу бийлик үчүн кандайдыр бир деңгээлде сокку урулду. Эгер чын эле үмүттү актай турган фирма болсо, эмне үчүн тиешелүү кызматкерлер таккесе жооп беришпеди? Суроолор көп. Бул боюнча өкмөт курамындагы айрым билермандар «жебенин учун» Сапар Исаковго буруп, ийин куушуруп турушат. Же Сапар мырза конкреттүү аргументтер менен өзүнүн ак экенин айтып чыкпайт, неге? Кызыгы, ушул теманын негизинде Сокени күнөөлөгөн кочкорлук блогерлердин баш көтөргөнүндө эмне сыр бар?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: