Кечээ, 8-июлда КР ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы Алмаз Атамбаевди 9-июлга, эрте мененки убакытка суракка чакырган. Суракка чакыруу кагазын Атамбаев жашаган Кой-Таш айылынын участкалык милиционерлери жеткирип, үйдүн кароолчуларынан Атамбаевди чакырып коюуну суранышканда, Атамбаев өзүнүн оң колу, КСДП партиясынын төрага орун басары Таалай Усубалиевди чыгарган.
Милиционерлер чакыруу кагазын Таалай Усубалиевге тапшырып кеткенден көп өтпөй Алмаз Атамбаев өз үйүнөн чыгып, журналисттерге “Чакыруу кагазын алдык, адвокат Сергей Слесаревго жөнөттүк. Мен андай кагаздарды карап да койбоймун, суракка да барбайм, анткени бул бийлик мыйзамдык талаадан чыгып кетти” деп билдирген.
Бүгүн, 9-июлда Алмаз Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев да “Мен суракка барбайм, анткени чакыруу кагазы мыйзамсыз жазылган – Алмаз Атамбаевдин кол тийбестиги бар. Экинчиден, чакыруу кагазын өзүнө эмес, башка бирөөгө тапшырып кетишкен. Кечээ эле чакыруу кагазын жөнөтүп, бүгүнгө суракка чакырышкан. Чакыруу кагазын окуп, иликтеш үчүн да убакыт керек. Мен аларга кат жазып, жөнөтөм, тергөөчү менен сүйлөшөм” деп билдирди.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ