Буга дейре Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандагы Фетхуллах Гүлендин жактоочуларынын башында турган адам катары аты аталып келген. Кээси ишенсе, кээ бири курулай жалаа катары санап келишкен. Эми ошол күмөн жагдайды Нурбаев өзү ачыкка чыгаргандай болду. Дегенибиз, Абдывахап мырза: “Тышкы иштер министри түрк элчисинин “Сапат” тууралуу билдирүүсүнө жооп бериш керек” деп кескин талап койду. Муну менен депутат мырза гуленчилерге жан тартаарын айгинеледи. Тиешелүү органдар үн ката электе, айкырып чыкканы жөн жеринен эмес. “Чылпагын алам деп, көзүн чукуп алгандай” эле болду
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ