Сапар Исаков кечээ, 30-августта, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу эки тараптуу кызматташуу боюнча актуалдуу маселелерди сүйлөштү. Телефон аркылуу сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси менен ишке ашты. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.
Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов Сапар Исаковду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ишине ийгиликтерди каалады.
Өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий гуманитардык кызматташуу жана чек ара маселелери тууралуу сүйлөштү.
Тараптар бардык маселелер боюнча орток пикирге келүүгө даяр экенин билдиришти.
Мындан сырткары телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Сапар Исаков менен Абдулла Арипов Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргыз Республикасына боло турган 2017-жылдын 6-сентябрына пландалган жумуш сапары тууралуу да сүйлөштү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ