Ош шаарынын мэри санитардык-карантиндик блокпосттордун ишин күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 24-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы менен биргеликте Ош шаарына кире берүүчү жолдорго коюлган 7 блокпосттордогу иш аракеттер, көзөмөлдөрдү жеринде көрүп, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды.
Шаар башчысы күч түзүмдөрүнө эл арасында түшүндүрүү иштерин тездетип, көзөмөлдөөчү жайлардын иштерин күчөтүү талабын койду.
“Жарандарды туура түшүнүү менен кабал алыш керек. Көзөмөл күчөтүлөт. Мунун баары элдердин ден соолугу үчүн”-деди мэр.
Шаар башчысы санитардык-карантиндик постордогу тургундар менен да жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле, шаар башчысы күчөтүлгөн тартиптен тышкары тийиштүү кызматтарга коргоочу каражаттар жана тамак аштар менен камсыздоо тапшырмасын берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ