Бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны болуп өттү. Анда депутат Дастан Бекешев Кубатбек Бороновго тойлорго көп барбай, иштөөнү сунуштады.
“Сиз азыр премьер-министр болгону турасыз. Жоопкерчиликти сезип жатасыз да, туурабы? Мурункудай тойлорго катышпай иштесеңиз. “Биздин тойго катышты, самсы жеди” деген сөздөрдү айтпасын жана укпайлы. Премьер-министрлик өтө маанилүү кызмат”, – деди депутат Бекешев.
Ал эми Кубатбек Боронов депутат Дастан Бекешевге “рахмат кеңешиңизге” деп жооп берди.
Ошондой эле, депутат Бекешев ушул жылы пенсионерлерге акча каражаты өз убагында берилеби деп сурады.
Кубатбек Бороновдун айтымында, социалдык төлөмдөр, айлык-акы, жөлөк-пул боюнча эч кандай маселе жаралбайт. Өз убагында төлөнүп турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ