«Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талабына баш ийген эмес» деген айып менен административдик жоопкерчиликке тартылган жарандык активист Айдын Егеубаев беш суткага камалды. Мындай чечимди 14-майда Астана соту кабыл алды.
Сотто «саясий туткундарды бошотуу» талабы менен 10-майда өткөн акция маалында активисттин кармалганы тартылган видео көрсөтүлдү.
Егеубаев кармоо маалында полициячылар анын колунун манжасын сындырып, ден соолугуна зыян келтиргенин билдирди. Укук коргоо кызматкерлери бул айыптоону четке кагышты.
Соттон билдиришкендей, Айдын Егеубаев Астана шаардык ички иштер департаментинде болуп жаткан окуяларды видеого тартып, полициячылардын токтотуу талабына баш ийген эмес деп айыпталган.
Сот активистти административдик жоопкерчиликке тартуу жана беш суткага камоо чечимин чыгарды.
10-майда Казакстандын Астана, Алматы шаарларында жана бир катар аймактарында «саясий туткундарды бошотуу» жана «кыйноолорду токтотуу» талаптары менен уруксатсыз нааразылык акциялары өткөн. Анда полициячылар катышуучулардын көбүн кармап кеткен. Кармалгандардын так саны дале белгисиз бойдон калууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ