Айрым замандаштарыбыз кээ бир сөздөрдү тантып сүйлөп, туура эмес жазып жүрүшөт. «Манастай» океан эпосту жараткан кыргыз тилине шек келтирип туура эмес сүйлөп турганыбыз уят, намыстанарлык көрүнүш. Кылым карыткан керемет тилибизди урматтап, сөз байлыгыбыздын кедерин кетирбейли, обу жоктонбой ыгы менен сүйлөп, жазуу жана сүйлөө маданиятын сактай жүрөлү. Тарых жана маданият жөнүндө кеп кыларда эң оболу мына ушуну эске алышыбыз керек. Мындан ары газета сөздөрдүн туура жазылышын жана айтылышын жарыялап, байыркы сөз дүйнөсүнө да назар салып турмакчы. Кыргыз тилинин кадыры жана келечеги үчүн ага өз үнүңүздү кошуп турсаңыз болот.
Сөздүк
Туура айтылышы Бузулуп айтылганы
Күлкүлүү Күлкүнүчтүүү
Тапшырма Тапшырык
Иштей баштады Иштеп баштады
Сүйлөй баштады Сүйлөп баштады
Күйөө бала Күйө бала
Ашкарын Ашказан
Кайтарымы Кайтым
Жакшы мыйзам Нормальный мыйзам
Абдан жакшы Өлө жакшы
Адамдын шагын сындыргысы келди Адамды сындыргысы келди
Ал досун мазактады Ал досун шыбады
Абдан сонун экен Өлө сонун экен
Булак: “Ачык сөз”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ