Menu

Артем Новиков: Интенсивдүү өнүгүү жолдорун уюштуруу жана өлкөнүн экономикалык жашоосунда кардиналдуу өзгөрүү кадамдарына өтүү зарыл

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө өлкөнүн экономикалык багытында кардиналдуу өзгөрүү кадамдарына өтүү зарыл. Бул туурасында КРнын премьер-министринин м.а., биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин биринчи кеңешмесинин жүрүшүндө билдиргенин бүгүн, 17-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

«Биз мындан ары карай экстенсивдүү жол менен өнүгө албайбыз. Интенсивдүү өнүгүү жолдорун уюштуруу зарыл. Өзгөрүүлөрдөн коркпостон, мезгил талабына жараша багыт алуу керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик тутум колдоо көрсөтүү инструменти катары эмес, тоскоолдук жаратуучу тутум катары кабылданууда. Мамлекеттик бийликтин образын өзгөртүү, ашыкча функциялардан баш тартуу, бюрократиялык создуктурууларды жоюп,  бизнес үчүн бирдей атаандаштык чөйрөсүн камсыздоо керек. Жакынкы жылдары негизги маселе катары калкты жумуш менен камсыздоо каралышы керек», – деди Артем Новиков.

Премьер-министрдин м.а. алдыдагы мыйзамдарды алга жылдыруудагы реформалардын биринчи кезектеги чараларын жана багыттарын белгиледи. Бул бизнестин укук коргоо (сот) жана текшерүүчү органдар менен өз-ара аракеттешүүсү, фискалдык тутумду реформалоо, энергетика тармагын реформалоо жана курулуш тармагын өнүктүрүү.

«Экономиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадамдардын бири – бул Салык кодекси. Салык кодексин талдоо киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун туруксуздугун жана тутумсуз экендигин, салык төлөөчүлөр тарабынан нааразычылыктардын бар экендигин көрсөттү. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алууга убакыт келип жетти. Жаңы редакция эски мамилелерди жана  салык башкаруу ыкмаларын жоюп, ал түз таасир этүүчү мыйзам катары колдонууга жөнөкөй жана салык төлөөчү үчүн түшүнүктүү болушу керек.  Бир документте бизнес үчүн бардык салыкты жана социалдык төлөмдөрдү бириктирүү керек. Андыктан, түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ 2 айлык мөөнөттө Салык кодексинин жаңы редакциясын жана тийиштүү ЧУА пакетин даярдашы зарыл, ал бизнес-коомчулук менен биргеликте талкууланып, коомдук талкуудан өткөрүлүп, Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кароосуна киргизилиши кажет», – деп белгиледи Артем Новиков.

Талкуунун жүрүшүндө белгиленгендей, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүндө жана түзүмдүк өзгөртүүлөрдө жергиликтүү бийлик органдары маанилүү ролду ойнойт.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү ишкердиктин ийгиликтүү өнүгүшү жумушчу орундарды түзүүдө, калктын кирешесин жогорулатууда жана инфраструктураны өнүктүрүүдө маанилүү фактор экендигин түшүнүү маанилүү. Бүгүнкү күндө бир дагы инвестор инвестдолбоорду ишке ашыруу үчүн жер ала албайт. Коммуникациялар жок, уруксат берүүчү документтер берилбейт. Бул шартта биз инвестициялык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү тууралуу айта албайбыз. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен биз бизнести, тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүүнү, ишканалардын жайгашуу орду жана профили боюнча сунуш-пикирлерди уюштурууну, ири ишканаларды кичи ишканалар менен кооперацияга көмөк көрсөтүүнү жана башкаларды колдоого алууну стимулдаштыруучу  механизмдерин иштеп чыгууну сунуштообуз керек», – деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин катышуучуларына Кеңештин биринчи кезектеги иш багыттары боюнча конструктивдүү кадамдар жана чечимдер сунушталды, ошондой эле Экономикалык реформалар боюнча кеңештин ишин активдештирүү жана каралып жаткан маселелердин тизимин кеңейтүү боюнча сунуштар берилди.

Жыйынтыгында премьер-министрдин м.а. белгилегендей, ишкерлер, эксперттик коомчулук өлкө үчүн маанилүү экономиканы ырааттуу өнүктүрүү, аны инновациялык реформалоо боюнча чечимдерди иштеп чыгууда активдүү катышуусу керек. Ал эми Өкмөт өз кезегинде ишкерлер жана эксперттик коомчулук менен биргеликте конкреттүү жыйынтыктарга багытталган диалогду колдоого алууга ниеттенүүдө.

Соңунда Экономикалык реформалар боюнча кеңештин катышуучулары тараптан эки жумалык мөөнөттө экономиканын маанилүү тарамактарын реформалоо боюнча концептуалдык сунуштарды даярдап, кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: