Дегенибиз Азиз Суракматов жетектеген Бишкек мэриясы, тагыраагы “Бишкек суу канал” ишканасы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү пландап, элдин кулагын бышыра баштады. Бир кездери азыркы Даниил Урицкий, ошол кездеги бейиши болгур Данияр Үсөнов да тарифтерди көтөрөм деп ташталканы чыкканын унутуп койсо керек. Ансыз деле сугатка деп 3 айга 740 сомдон төлөгөнүбүз жетпей калган го. Кыргызстан суунун мекени деп коюп, бааны кымбаттатып атканыңарга жол болсун. Бул ишиңердин аягы жакшы менен бүтпөйт. Карапайым калктын канын кактабай ичкениңерди койгула. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла. Ансыз да пенсиясы менен жан баккан жашоочулардын нааразычылыгы күчөп турат.
Шаар тургундары үчүн суунун тарифин – 8,10 сомго, канализация үчүн – 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ