Габидулла Абдрахимов
30-июль күнү кечинде Казакстандын Чымкент шаарынын башчысы Абдулла Абдрахимов кызматынан алынды. Анын ордуна буга чейин Түркстан облусунун Отырар районун жетектеп келген Ерлан Айтаханов дайындалды.
Чымкент шаарынын мэри кызматына 2015-жылдан бери ээлеп келген 44 жаштагы Абдрахимов жакында эле «Инстаграм» баракчасына Лондондогу кымбат баалуу «Ритц» мейманканасынын алдында тартылган видеосун жарыялаган. Анда ал өзүн «өлкөнүн патриоту» деп атап, жаштардын Казакстанда акча иштеп таап, дүйнө кыдырышын каалай турганын билдирген.
Анын бул кайрылуусу казакстандын социалдык түйүн колдонуучуларынын кыжырын келтирип, катуу сынга алынган.
Учурда бир миллиондон ашык калк жашаган Чымкент калаасы өткөн жылы Нур-Султан жана Алматы сыяктуу республикалык маанидеги шаар макамына ээ болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ