Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусуна жөнөп кетишти. Мында алар ал жактагы айылдардын Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыгып жаткан жашоочулары менен жолугушмакчы. Бул тууралу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуунун жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов каршылашкан эки тараптын тең бардык жүйөлөрүн угуп, түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун аныктамакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ