Чолпон-Ата шаарынын «Рух Ордо» маданий борборунда (Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу) Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынынын алкагында интеграциялык биримдиктин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусунда маркаларды басуу салтанаты өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маркалар ЕАЭБ катышуучу мамлекеттеринин почта кызматтары тарабынан Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгына жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгына карата чыгарылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ