Бүгүн, 10-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту КР Президенттик аппаратынын экс-жетекчиси Фарид Ниязовду 7-августтагы Кой-Таштагы, Атамбаевдин үйүндөгү окуялар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды барымтага алуу” жана “Массалык баш аламандыктарды уюштуруу” беренелери боюнча 8-октябрга чейин Бишкектеги СИЗО-1 абагына камакка алууга чечим чыгарды.
Эсиңиздерге сала кетсек, Фарид Ниязов 8-август күнү Кой-Таштагы Алмаз Атамбаевдин үйүнөн Атамбаев менен кошо кармалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ