Menu

Трамп АКШнын Космостук командачылыгы түзүлгөнүн жарыялады

Бөлүшүү:

Бейшембиде АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө өткөн салтанатта Пентагондун Космостук командачылыгы түзүлгөнүн белгиледи. Анын максаты космостогу коркунучтарды жоюуга багытталган.

Трамптын айтымында, жаңы түзүм АКШнын космостогу кызыкчылыктарын коргойт. Муну менен америкалык администрация Орусия менен Кытайдын космостогу аскердик дараметин жогорулатышына жооп кайтарууда. Буга чейин Кытай ракеталары менен спутниктерди жок кылууга кудуреттүү экенин, Орусия космосто колдонуу үчүн лазердик курал системасын түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Июнда Сенат Космостук командачылыктын башчылыгына генерал Жон Рэймондду бекиткен.

Рэймонд космостогу америкалык объектилерди, анын ичинде спутниктерди, ракетага каршы коргонуу каражаттарын, байланыш каражаттарын коргоо жаңы түзүмдүн негизги тапшырмасы болорун билдирген.

АКШнын космостук командачылыгы 1985-2002-жылдар аралыгында иштеп турган. Бирок 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттан кийин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн көңүлү радикалдуу терроризмге бурулгандыктан, башкармалык жоюлуп кеткен.

Ак үй Конгрессти АКШнын алтынчы аскер бөлүгү катары Космос күчтөрүн түзүүгө ынандыруу аракетинде. Өкүлдөр палатасы менен Сенат Пентагондун бюджетине космос күчтөрүн түзүү жөнүндө жобо киргизишкен. Бирок Конгресстин жогорку жана төмөнкү палатасынын долбоору бири-бириникинен айырмаланып турат.

Учурда Космостук командачылыкта 287 аскер кызматкери бар. Генерал Рэймонд башкармалыктын башкы кеңсеси жайгаша турчу жер тууралуу маселе чечилип жатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: