Таажывирус аныкталган аймакта иштеген дарыгерлердин айлык маянасы 1 күнү 2 күн болуп төлөнөт. Бул тууралу бүгүн, 23-мартта брифингде КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымы боюнча, саламаттык сактоо адистери бардык чек араларда иштеп жатышат.
“Кыргызстандын ички жана тышкы чек араларында медициналык кызматкерлер иштеп жатышат. Санитардык врачтар, эпидемиологдор, алардын жардамчылары, жугуштуу оорулар дарыгери, тез жардам кызматынын кызматкерлери, байкоо тармагында жана ооруканалрда иштеген саламаттык сактоо адистери, ал жакты дезинфекциялоочу кенже техникалык кызматкерлер иштеп жатышат. Эпидемиологиялык фонддон бардык кызматкерлерге кыдыруучу чыгымдар төлөнүп берилген” – деди Айнура Акматова.
Ал азыр таажывирус аныкталган аймактарда иштеген саламаттык сактоо адистерине айлык акыны эки эселеп төлөп берүү маселеси каралып жатканын айтып, эсептөөлөр даяр экенин кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ