Кара-Суу районундагы Большевик айылындагы мектептин спорт залынан өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, спорт залдын 34 чарчы метр жыгач полун өрт жалмап кеткен. Өрттүн чыгышынын себеби учурда такталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ