“D.pro” тактап айтканда Dana production деген жеке продюсердик борборумду ачтым. Баардыгы заманбап техникалар менен камтылды. Шоу бизнес чөйрөсүндө жүргөнүмө 10 жылга жакындап калгандыктан өзүмдүн жеке кыялымды ишке ашырып, максатыма жеттим деп ойлоймун, ошондой эле продюсер болуп эмгектенип бир топ Кыргызстанга белгилүү ырчыларды эл алдына чыгардым”, — деп билдирди бүгүн, 2-апрелде Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Дана Абдыбекова.
“Ошол 10 жылдык чыгарамчылыкка арнаган кадамдардын бири жана ийгилиги ушул болду десем жаңылышпаймын.. Алсак,“D.pro” Dana production продюсердик борборунун курамында атайын топтор менен камтылды. Алсак, Айбек Бакытбеков деген ырчы, “Чоро” тобу бар. Жакынкы күндөрү талантууларга атайын кастинг жарыялап, жаш таланттууларга колдоо көрсөтөбүз. Негизгиси биздин борбордо баардык шарттар түзүлүп, заманбап үн жаздыруучу техникалык аппараттар менен толукталды. Аны менен катар аранжировщиктер, ошондой эле клиптерди тартабыз, таланттуу дасыккан тажрыйбалуу композиторлор кызмат кылып, жандуу ыр менен ырдаганга, бийлердин түрлөрүн үйрөтөбүз. Дегеле биздин борбордо баардык шарттар түзүлгөн. Баса белгилеп кетүүчү негизги нерсе, учурда санариптик телеканалдар барган сайын көбөюп жаткандыктан өзүбүздөн чыккан продукцияларды телеканалдарга сунуш кылабыз. “D.pro” Dana production борбору келечекте мага чоң бакыт алып келет деп ойлоймун. Биздин борбор буюрса, кыргыз элинин жакшылыгына кызмат кылып, таланттуу жаштарды чыгарабыз деген үмүттөбүз”, – деди Дана Абдыбекова
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ