Menu

Өмүрбек Текебаев: “Мен эч ким менен соттошпойм, бирок мандатым алынганга чейин жумушка барам”

Бөлүшүү:

Бул мага каршы саясий буюртма. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Kaktus.media” маалымат агенттигине Административдик соттун чечимин күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимине комментарий берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын октябрь айында Текебаев Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алган. Борбордук шайлоо комиссиясы анын кылмыш иши кошумча тергөөгө кайтарылгандыгына байланыштуу ушундай чечим кабыл алган. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы айыпталуучу статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу.

Текебаевдин айтымында, тергөө иштериндеги бардык маселелерди 2 айдын ичинде чечүү мүмкүн болсо дагы, сот иштери бир жарым жылдан бери жүрүп жатат.

“Бизди соттогондо дагы, ыкчам тергөө иштери жүргөн. Жээнбековдун учурунда дагы парламенттик шайлоого катышпаш үчүн атайылап создуктурушкан. Жана менин ага катышуудан баш тартуум ушул фактыга бир аз байланыштуу”, – деди Текебаев.

“Мыйзамдарда мандат номер боюнча эмес, кийинки талапкерге берилет деп жазылгандыгын эсиңиздерге салгым келет. Мен талапкерлердин тизмесинен чыккан жокмун, демек мен кийинки талапкер болдум. Эгерде актоо өкүмү чыкса, анда сот БШКны мандатын кайтарып берүүгө милдеттендирип, андан кийин БШК мандатын бирөөдөн алып салышы мүмкүн. Бирок андай чечим болгон эмес”, – деди ал.

Ошондой эле, Өмүрбек Текебаев эч ким менен соттошпоорун айтып, мандаты алынганга чейин жумушка чыгаарын билдирди. Ал буга БШКнын чечими керек экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: