9-сентябрга караган түнү Наманган райондук төрөткана комплексинин имаратынын арткы короосунан жаңы төрөлгөн эки ымыркай табылган.
Кыздар төрөткананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, 2-сентябрда көз жарган келин кызынын буту тубаса майып экенин көрүп, андан кутулгусу келген.
Ал төрөт үйүнүн экинчи кабатынан өзүнүн жана жанында жаткан келиндин кызын ыргытып жиберген. Анын кесепетинен эки ымыркай тең катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган.
Бул факт боюнча «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Өз чүрпөсүн өлтүргөн аял 15 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Райондук укук коргоо органдарынын атын атагысы келбеген кызматкеринин айтымында, окуя болгон учурда төрөт үйүнүн медайымдары уктап жатышкан:
– Кыздарды терезеден ыргытып жиберген аял мурда да тубаса майып эки бала төрөп, алар чарчап калган. Үчүнчү баласы да оорулуу болгон. Дарыгерлер ымыркай майып бойдон каларын айтышкан. Мындан соң анын көңүлү абдан чөгүп, ушундай кылмышка барган.
Төрөт үйүнүн жооптуу кызматкерлерине «кесиптик милдеттерин так аткарбаганы үчүн» кылмыш иши козголду. Эгер алардын күнөөсү далилденсе, 5 жылдан 8 жылга чейин соттолушу ыктымал.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ