Бүгүн, 17-сентябрда Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурулуп жаткан чыгармачылык кече болбой калды. Анын себеби кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдын болгондугунда. Бул тууралуу КСДП партиясынан билдиришти.
Эскерте кетсек, кече Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта 16:00до болмок. Аны Алмаз Атамбаевдин тарапташтары уюштуруп жатышкан. Ал эми Алмаз Атамбаев өзү азыр адам өлтүрүүгө жана коррупция кылмыштарына шектелип камакта жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ