Menu

Стресс жана жүрөк ооруларынан арылтуучу анар

Бөлүшүү:

Күздүн берекеси төгүлүп турган маал. Учурда мөмө-жемиштердин арасынан анар дагы бышып турат. Анар жана анардын ширесинин организмге болгон эбегейсиз пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Анардын курамындагы витаминдер жана минералдар өтө пайдалуу. Айрыкча анарды азыртан үзүп, кышка камдап койсоңуз, кышында пайдалануу менен иммундук системаңызды көтөрүп, сасык тумоодон алыс боло аласыз. Ал эми анар ширесиндеги антиоксиданттардын өлчөмү көк чайдын курамындагы антиоксиданттарга караганда көп болот. Ал гемоглобинди көтөрүп, табитти ачат жана ашказандын иштешин жакшыртат.

Анардын пайдалуу касиеттери

Иммунитет үчүн

Анар өз курамында 15 аминокислотаны, К, В9, В6, калий, жез, фосфор сыяктуу организмге пайдалуу болгон витаминдерди камтыйт. Ошондуктан бул жемиш организмдин иммундук системасын активдештирип, вирустук ооруларга каршы турууда чоң мааниси бар. Адам иммунитетин чыңдоо үчүн күнүнө анардын төрттөн бир бөлүгүн жеп турса жетиштүү болот.

Кан үчүн

Анардын курамында фолий кычкылы бар. Фолий кычкылы баарыңыздар жакшы билгендей кан түзүү функциясына активдүү катышат. Мындан тышкары анар гемоглобиндин көтөрүлүшүндө чоң ролду ойнойт.

Жүрөк үчүн

Анардагы пуникалагин заты организмдеги эркин радикалдарды жок кылып, антиоксиданттык статусун күчөтөт. Бул касиет жүрөк үчүн өтө маанилүү. Эгер сиз ар дайым стресстик абалда болуп, жүрөк оорулары менен жабыркасаңыз күнүмдүк тамак-ашыңыздын катарына анарды сөзсүз кошуңуз.

Ашказан үчүн

Ашказан ооруган учурда, анардын мөмөсүн даны менен бирге жеш керек. Ошондой эле анардын кабыгын 200-300 мл сууга кайнатып, муздагандан кийин бир чай кашык кумшекер кошуп тамактын алдында 50-60 мл ичүү керек.

Ашказанга суук тийгенде жана ич өткөктө да анардын кабыгын жогорудагы ыкма менен ичүү керек.

Кош бойлуулукта

Кадимки анар ширеси кош бойлуу аялдын канын гана көбөйтпөстөн, курсактагы баланын мээсине дагы таасири күч. Окумуштуулар күндө анар жеп жүргөн кош бойлуу айымдар башка витаминдсрди ичпей койсо деле болорун айтышат. Анар ширеси жатында өтө жай өсүп жаткан түйүлдүктөргө өзгөчө пайдалуу. Ширедеги полифенол микроэлементи неврологиялык ооруларды чакыра турган клеткаларды жок кылуу жөндөмүнө ээ. Андыктан аял кош бойлуу кезде күнүнө 250 граммдай анардын ширесин ичип койсо ашыкча болбойт.

Теринин сулуулугу үчүн

Анар өз курамында Е витамининин көп санын камтыйт. Аталган витамин «аялдар витамини» деген атка ээ. Е витамини А витамини менен бирге теринин эрте картаюусунун алдын алат. Анан да анар агартуучу касиетке ээ. Ошондуктан аны сепкил жана тактардан арылууда көп колдонушаг. Бетке так түшүп, тери бузула баштаган учурда анар ширесин сүртүү менен жок кылса болот. Анын курамында лимон кычкылтеги болгондуктан, безетки, сепкил жана пигменттик тактарды бат жок кылат.

Арыктоо үчүн

Анардын составындагы тамак-аш буласы тамак сиңирүүдө эң күчтүү кыймылдаткыч болуп эсептелет. Ага ылайык ашказан тамакты бат сиңирип, арыктоого жардам берет. Анан да анардын калориялуулугу – 100 грамм продуктта болгону 72 ккал бар.

Анардын зыяндуу “касиеттери”

Анардын ширесин ашказан жарасы, гастрити барларга ичкенге болбойт. Ичкиси келгендер суу менен аралаштырып ичкендери оң. Мындан тышкары 1 жашк ачейинки жаш балдарга ичүү сунушталбайт.

Анан да ич катуу өнөкөтү, геморрой жана көтөн чучугунда жарасы барларга жегенге болбойт.

Анардын кабыгынын кайнатмасын этият колдонуу керек. Кайнатма курамында токсиндүү заттарды камтыгандыктан, өлчөмдөн ашыкча колдонуу кан басымды көтөрүп, кусууну, калтыроону пайда кылат.

Жаңы сыгылган анар ширеси курамында ар түрдүү кычкылдарды көп камтыгандыктан, тиштин эмалдарына терс таасирин тийгизет. Тиштин эмалдарын сактоо үчүн ширени суу менен аралаштырып ичкен оң. Суу аралашкан кезде деле ширеде бардык витаминдер сакталып калат.

Булак: “Де-факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − 54 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: