Жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан бир кыз кулап кеткен. Бул тууралуу 6-ноябрда Бишкек ШИИБиси билдирди.
Бишкектин Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде “Бай-Таш групп” курулуш компаниясын куруп жаткан имаратынын 11-кабатынан кыз кулап, курулуш пенопласттарынын үстүнө түшүп, аман калган. Окуя болгон жерге дароо милиция менен тез жардам барган.
«Bay Tash Tower» турак жай комплекси жана бизнес-борбору 19 кабаттан турат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ