Азыр өлкөнүн өнүгүшүнө жеке ишкерлердин эле салым чоң болууда. Баардык жердеги жаңы курулган жакшы саамалык иштерди ишкерлер ишке ашырып, шаардабы, айылдабы элге кубаныч тартуулап жатканын көрүүгө болот. Кечээ Эркиндик-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы балдар аянтчасы ачылып, шаар тургундары дагы бир жакшылыкка эгедер болушту. Ал жеке ишкер, кыргызга таандык “Беш бармакты” Гиннеске киргизүү, “Ак элечек апалар” сыяктуу долбоорлордун автору жана уюштуруучуларынын бири болуп жүргөн Жамалбек Рысалиевдин демилгеси менен ишке ашкан. Балдар аянтчасын «Вiand Grоuр» компаниясы куруп, аны толугу менен жеке ишкер, меценат Жамалбек Рысалиев каржылаган. Аны курууга жалпы 800 миң сом каражат сарпталганы айтылууда.
Мына ушундай мыкты иш жасады. Эң негизгиси балдардын жүрөгүн жарылта кубантты. Эркиндик гүлбагында эркелеген, бактылуу, байманалуу, бакубаттуу, ырыстуу, дөөлөттүү балдар көп болуп, ата-энелери менен кубанычтын селкинчегинде сээрдешкен балдарга бекер балмуздак да таратылды. Мындай жеке ишкерлер элибизде көп боло берсин.
Булак: «Факты.kg»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ