-КСДПчы Мээрбек Мискенбаев президенттин иниси Асилбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керек деп талап кылып жатат, сиз Мискенбаевдин талабын колдойсузбу? – деп сурашты журналисттер бүгүн, 31-мартта Алмаз Атамбаевден, анын маалымат жыйынында.
-Биз Сооронбай Шариповичти президенттике талапкер кылып сүрөмөлөй баштаган күндөн тартып, мен Асилбек Шарипович депутаттык мандатын тапшырыш керек деп аларга айтып келатам. Буга баары макул болушкан. Эми Асилбек Жээнбеков унчукпай депутат болуп олтурат. Албетте Асилбек Шарипович КСДПга чоң жардам берген, бирок ал КСДПдан 3 жолу, 2007-жылы, 2010-жылы жана 2015-жылы депутат болду. Эки жолу спикер болду, жетишет. Президенттин иниси депутат болуп олтурса ал баары бир агасына зыяны тиет. Эң эле жок дегенде ушак болушат. Ошондуктан Асилбек Жээнбеков мандатын тапшырып депутаттыктан кетиш керек!”- деп жооп берди Алмаз Атамбаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ