Түркмөнстандын жакында эле кызматтан алынган мурдагы соода жана тышкы экономикалык байланыштар министри Амандурды Ишанов коррупциялык иштер боюнча соттолду.
13-сентябрда мамлекеттик телеканал колуна кишен салынган Ишанов баштаган бир нече адам жемкорлук жана башка кылмыштарды мойнуна алганы тартылган видеоматериал көрсөттү.
Кийин видео өкмөттүн жыйыны учурунда дагы чоң монитордон көрсөтүлдү. Ал жыйында өлкөнүн башкы прокурору Батыр Атдаев президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун жетекчилиги менен жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөш тууралуу маалымат берген.
Видеодо мурдагы министр Амандурды Ишанов өзү бир канча жылдан бери коррупциялык иштерге аралашып келгенин, аны белгилүү ишкер, мамлекеттик бир канча компанияны жетектеген Чарымухаммед Кулов менен чогуу жасаганын моюнга алган. Анда Ишанов башаган башка адамдарга өкүм чыкканы айтылганы менен, сот качан болгону тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.
Атын атагысы келбеген түркмөнстандык бир канча адам эл алдында кылмышын моюнга алуу — бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн далилдөөгө багытталган спектакль сыяктуу көрүнүп жатканын белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ