Ушул күндөрү камакта жаткан Канатбек Исаевдин укугун коргоо боюнча комитет түзүлүп иштей баштады. Чүй лидеринин укугун коргоонун башында Сары Өзөндүн эр жүрөк генералдарынын бири Кеңешбек Дүйшөбаев өзү туруп, демилгелүү жаштарды, аттуу-баштуу аксакалдарды катарына тартууга киришишти. Генералдардан Канатбек Исаевди колдоо үчүн жеке эле Дүйшөбаев эмес, агасы Талантбек Исаев кызматынан дароо баш тартса, бул үй-бүлөнүн кудасы болгон айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев да Канатбек мырза камалаар замат өзүнүн профессионал адвокат досу Азиз Турдалиевди жөнөтүп, дух берүүдө. Ал эми сарыбагыш уруусунан чыккан Чолпонбек Абыкеев баштаган бир катар аттуу-баштуу инсандар да жаш лидердин эркиндигин талап кылып, тергөөнү үй камагынын шартында деле жүргүзүүгө болорун айтып чыгышты. Айтор, барган сайын бийликке каршы күчтөр жанданып, биригүүлөр башталды. Мындай шартта Чүй лидерин куру дегенде үй камагына бошотушпаса, абал кырды бычакка айланып кетпейби?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ