Menu

Видео – Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Коррупционерлердин качып кетишине шарт түзүп жатасыңар”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-октябрда, парламент жыйынында депутат Искак Масалиев коррупционерлердин чет жакка качып кетүүсү тууралуу айтып чыкты: “Конституциялык палата адам укугун коргоп, мыйзамдагы карызы бар кишилердин өлкөдөн чыгууга тыюу салган жерин алып салууну сунуштап жатат. А силер анын терс таасири жок деп жатасыңар. Ал эми жапа чеккен тараптын укугу эмне болот? Же банктан акча алып туруп, чет өлкөгө качып кетсечи?”.

Буга Юстиция миинстри Марат Жаманкулов жооп иретинде карыз болгон адам жактоочу же мыйзамдуу өкүлүн жалдап алып, ал аркылуу сот иштери карала берерин айтты эле, Масалиев агынан жарылды: “Муну менен силер коррупционерледин качып кетишине шарт түзүп жатпайсыңарбы. Каалайсыңарбы  – суу кечип кача бергиле. Мындай чектөөлөр Орусияда бар, башка өнүккөн өлкөлөрдө бар. А эмнеге биз мындай өзгөчөлүк киргизишибиз керек? Карыз болгон адам жок болсо, сот ишти карабайт. Өзүңөр ойлонсоңор боло, карыз болгон кайсыл адам жактоочу жалдайт экен?”, – деди.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: