Бүгүнкү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзам долбоору каралып, талкууланууда. Ага Билим жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.
Ал ортодо телефон менен сүйлөшө калып, КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашевден тил укту. Сөз кезегин алган депутат аны сүйлөшүп бүткөнчө бир мүнөттөй күтүп турду. “Жогорку Кеңешке болгон эмне деген мамилеңиз? Вице-спикер Аида Касымалиева 5 мүнөт сүйлөп бүткөнчө сиз телефондо сүйлөштүңүз. Мени да күттүрдүңүз. Сиз эмне бу жерге телефон менен сүйлөшүүгө келдиңиз беле?”,-деп ачууланды депутат. Н.Жусупбекова эл өкүлүнөн кечирим сурап, мындай экинчи кайталанбай турганын айтты.
Эскерте кетсек, Билим жана илим берүү министри Каныбек Исаков бүгүн парламентте, президенттин алдында ант берди. Ал 11-сентябрда, министр болуп дайындалган. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин 107 депутаты жактырып, колдоп берген. 12-сентябрда, премьер-министр М.Абылгазиев аталган министрликке өзү алып барып, аппараттын эмгек жамааты менен тааныштырган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ