Бүгүн, 23-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 88 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 9, Ош шаарынан – 1, Чүй облусунан – 8, Ош облусунан – 24, Талас облусунан – 3, Нарын облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 8, Баткен облусунан – 29 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 45 630га жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 108 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 41 904кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 10 адам; Чүй облусунан – 10, Ош шаарынан – 11, Ош облусунан – 31, Талас облусунан – 4, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 15 адам, Жалал-Абад облусунан – 12, Ысык-Көл облусунан – 13.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондор катталган жок. Буга чейин жалпысынан 1063 адам илдеттен улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ