Menu

Москва менен Душанбе миграция мыйзамдарына кол коет

Бөлүшүү:

Орусия менен Тажикстан жакынкы күндөрдө миграция тармагында жаңы келишимге ээ болот. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов билдирди. Документтерге Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун 17-апрелдеги расмий сапарынын алкагында кол коюлат.

Сапар учурунда Тажикстан президенти Орусия президенти менен жолугат.

Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, орусиялык мекеме-ишканаларга эмгек мигранттарын кабыл алуу, Орусиянын Тажикстандагы миграция өкүлчүлүгү менен Тажикстандын Орусиядагы миграциялык өкүлчүлүгүнүн юридикалык макамдары жөнүндөгү документтерге кол коюлат.

Буга чейин Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров бул документтердин топтому миграцияны толугу менен көмүскөдөн алып чыгууга, эмгек мигранттарына шарт түзүүгө багытталганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, жумучуларды сураган орусиялык иш берүүчүлөр мигранттардын документтерин бүткөрүүнү өз мойнуна алат. Тажик бийлиги жарандарына Орусиядан иш таап берүүгө көмөктөшүп, келишим бүткөн соң же мыйзамдарды бузуу учуру катталганда мигранттарды мекенине кайтарууга кол кабыш кылат.

Орусияда бир миллиондой тажикстандык иштейт. Ар кыл маалыматтар боюнча алар жөнөткөн акчалар Тажикстан ички дүң өнүмүнүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: