КР Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Инстаграмда “Матраимова Назик” деп аккаунт ачып, анын жээнин атынан пост жазган адам – фейк экенин билдирди.
“Назик – менин жээним болот. Азыр ал катуу депрессияда (Соцтармакта анын туулган күнүн жаман маанайда талкууга алынганы ушундай абалга алып келгендигин Kaktus.media порталы жазып чыкты). Мен да жаман абалда калгам. Эми ал байкуш кызга асылып эмне кереги бар? Өзүнө кол салса, бул үчүн ким жооп берет? Азыр ал университетине барбай, үйдөн чыкпай олтурат. Ал эми Instagramдагы аккаунт – фейк экен. Байкуш кыз азыр пост жазгандай абалда эмес. Бардыгыбыздын балдарыбыз баро, ушу балдарды аралаштырбай эле коелучу. Саясий иштер балдардан алыс болгону туура”, – дейт Искендер Матраимов.
Эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүндүрө кетсек, учурда социалдык тармактарда @matraimova.nazik. аккаунту жазган пост чоң талкууга алынууда. Анда ал 18 жашын белгилеп жатканы менен бирге: “Соттун чечими чыкпай туруп, мен тарапка жана атама багытталган айыптар суу кечпейт. Анын кантип акча тапканы башкалардын тынчын албай эле койсун. Кыргызстанда 25 миң еврону эки айда таап койсо болот, ошондуктан төшөккө жатып албай, иштеш керек”,- деген пост калтырган. Ошого эл абдан нааразы болуп, Матраимовдордун үй-бүлөсүн, Назик аттуу кызды кызуу талкуулап жаткан кези.
Ал эми 18 жашка толгон кыз туулган күнү чоң талкуу болгондо эле Instagramдагы баракчасын өчүрүп салган экен.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ