Үй камакта олтурган Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Эхо Кыргызстана” сайтына маек берип, эч бир далилсиз эле ага кылмыш беренелерин коюп жатканын айтып, КСД партиясынын алдыңкы лидерлерин саясый айдыңдан жоготуу максаты жүрүп жатканын айткан экен. “Атамбаев олтурат, көпчүлүгү дагы камакта, соттор мыйзам менен иш алып барган жок, Жогорку, Конституциялык соттор бийликтин буйругун гана аткарып калды. Бирок жооп бере турган күндөрү келет. Мага эч кандай далил жок. 9-декабрга чейин үй камактамын. Көрсө мен башаламандык уюштурганга, куралдуу каршылык көрсөткөнгө, өрт чыгарганга, кишилерди барымтага алганга катышыпмын. Биз эч нерсе уюштурган эмеспиз. Өздөрү провокация кылышты” – деген сыяктуу актануулар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ