Кыргызстанда расмий түрдө волейболдук энелер лигасы түзүлдү. Алар 2016-жылдан бери жөнөкөй шартта 6 команда арасында ойноп келген. Быйылкы жылдын ноябрь айынан баштап, тактап айтканда, эркектер арасындагы өлкө чемпионатынан кийин старт алат. Быйыл 40 жаштан жогору эне сыймыгына ээ болгон аялдар арасындагы мелдеште 19 команда ат салышат. Алгач «А» жана «В» тайпасы болуп экиге бөлүнүп алып күч сынашмакчы. Бардык мелдештер Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда өтүп, жылдын календарлык планына кирген. Эң негизгиси, эне топ чапкычтар арасында 7-8 жадагалса 9 балалуулар бар экени спорт күйөрмандарын сүйүнтүп аткан кези. Мындай саамалыкты Кыргыз волейбол федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин жеке көзөмөлүндө болуп, каржы маселесин колуна алганы жигиттин жигитчилик кылган жакшы касиети деп билип отурабыз.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ